Бүгүн, 4-ноябрда Жалал-Абад облустук казыятынын жыйындар залында Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Жалал-Абад казыятынын эмгек жамаатына жыйын өткөрдү.
Жыйынга казыяттын кызматкерлери, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун баш имам хатибдери катышты.
Азирети Муфтийдин орун басары жыйында төмөнкү маселелерге токтолду:
- Казыят кызматкерлери бекитилген убакытта жумуш ордунда болуу;
- Ынтымакты бекемдөө боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү;
- Мечиттерде жана коомдук жайларда санитардык сактык эрежелерин так сактоо;
- Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана башка мекемелер менен активдүү кызматташуу;
- Дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу боюнча окууларды уюштуруу.
«Дин кызматы бизге берилген аманат. Кандай кырдаал болбосун милдетибизди так аткаралы. Ислам динибиздин асыл баалулуктарын, адеп-ахлакты, шарияттын эрежелерин коомчулукка жайылтып, кайрымдуулук иш-чараларды жүргүзөлү»,-деди Жоробай ажы.