Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылында жаңы мечиттин ачылышы болду. Ага аталган райондун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу, айыл тургундары, имамдар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аксакалдар катышты. Саамалыктын алкагында бир добуштан мечитке “Ысмайыл-Ата” деген аталыш ыйгарылып, салтанаттуу түрдө колдонууга берилди.
“Жаңы мечит болжол менен 100 кишиге ылайыкталып салынды. Анын курулуш иштерине “Катар Хайрия” кайрымдуулук фонду каржылык көмөк көрсөтүп, жалпы жонунан 2 миллион 2 жүз миң сом бөлүп берген. Ошондой эле жергиликтүү эл тарабынан да 500 миң сомго чукул акча чогултулуп, даараткана, хужуркана салынды жана мечиттин айланасы курчалды”, — деди Талантбек Акылбек уулу.
Ошондой эле баш имам хатиб Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак айылында медресе курулганын айтып, ал жерге жергиликтүү элдин демилгеси менен ашар ыкмасы аркылуу атайын кампа салынып жатканын дагы кошумчалады.