Кечээ, 26-ноябрь күнү Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров район-шаарлардын хатибтерине онлайн түрүндө кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйынга казыят кызматкерлери жана баш имам хатибтер катышты.
Жыйында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин буйругуна ылайык, жол кырсыгын алдын алуу боюнча жумалык иш-чараны өткөрүү тапшырмасы берилгенин билдирди. Андан сырткары бардык мечиттерде жылуулук, тазалык жана санитардык сактык эрежелери сакталуусу эскертилди.
“Район-шаарларыбыздын имамдарына жергиликтүү ЖКК кызматкерлери менен кызматташып, алар менен биргеликте айдоочуларга сылык мамиле менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмаларын бердик. Имамдарыбыз кайдыгер карабастан бул иш-чараларды жигердүү өткөрөт деген ишеничтебиз”,-деди облус казысы.