Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Сакалды айыл аймагынын имам хатиби Курманбек Жолдошевдин демилгеси менен Чоң-Багыш айылынын тургундары мамлекетибиздин тынчтыгы, ар кандай оорулардан алыс болуу максатында жана элибиздин амандыгы үчүн түлөө өткөрүштү. Бул туурасында бүгүн, 8-декабрь күнү Ноокен районунун баш имам хатиби Ашим ажы Абидинов билдирди.
Баш имам хатибдин айтымында жергиликтүү тургундар мал союшуп, анын этин аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратышкан.
“Жакшы ниет жарым ырыс. Жараткан Алла Таалага кайрылып дуба кылып, мамлекетибиздин эртеңки келечеги, ар кандай оорулардын келбөөсү үчүн түлөө өткөрүп, анын этин аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тараттык”,-деди айыл имамы.