Бишкек шаарынын Борбордук мечитинин айланасындагы бардык павильон, дүкөн, ашканалардын келишимдерин жаңылап, ишмердүүлүктөрүн тартипке келтирүү боюнча түзүлгөн комиссия жарыя кылат.
Жарыя!
- Бишкек шаарынын Борбордук мечитинин айланасындагы бардык павильон, дүкөн, ашканалардын укуктук жактан келишимдерин жаңылоо жана келишимдердин колдонуу мөөнөттөрү аяктаган ашканалар боюнча конкурска катыша тургандар 2020 жылдын 15 — декабрынан баштап 25 — декабрына чейин арыз түрүндө билдиришсин.
- Конкурс 2020 жылдын 28 — декабрында саат 11: 00до башталып, ошол күнү эле жыйынтыгы чыгарылат.
- Конкурска катыша тургандар төмөнкү документтерди тапшырышсын:
— эски келишимдин көчүрмөсү
— паспорттун көчүрмөсү
— арызы
— сунуштары, долбоорлору ж.б.
- Документтер А-4 форматтагы конвертке салынып, чапталып Муфтияттын №16–кабинетине тапшырылсын.