Бүгүн, 28-декабрда учурдагы олуттуу маселелердин бирине айланган экстремизм жана терроризмдин алдын алуу багытында атайын отурум Каракол шаарында уюштурулуп, ага укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, агартуучулар жана дин кызматкерлери катышышты.
Иш-чаранын алкагында радикалдашуу кооптуулугунан сырткары жаштар менен иштеп, аларга туура таалим-тарбия берүү меселеси да талкууга алынды. Бул тууралуу Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жыйын ички иштер бөлүмү тарабынан демилгеленип, ага аталган мекеменин 10-бөлүмүнүн башчысы Нурзат Каптагаев менен бирге Каракол шаардык билим берүү бүлүмүнүн өкүлдөрү, мугалимдер жана Ысык-Көл облусунун мусулмандар казыяты тарабынан Каракол шаары менен Ак-Суу районунун баш имам хатибдери Талант Сабриков, Асантур ажы Абдрахманов жана имамдар катышты.
“Көпчүлүк учурда экстремизм менен терроризмдин кылтагына жаштар түшүп калып жатат. Мындан улам келечек муундун өкүлдөрүнө туура таалим-тарбия беришибиз керек. Ошол себептен бул багытта комплекстүү түрдө иш алып барып, ата-эне, мугалим, дин өкүлдөрү жана тартип сакчылары чогу-чараан өспүрүмдөргө жол көрсөтүбүүз керек,”— деди Талант ажы Сабриков.
Белгилей кетсек, экстремизм менен терроризмдин алдын алуу багытындагы түшүндүрүү иштери учурда өлкөбүздүн башка аймактарында да өткөрүлүп жатат.