Бүгүн, 18-февралда Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде Ош шаарындагы диний окуу жайларда жана мечиттерде имамдардан сабак алып келген 25-жашка чейинки жарандар арасында 30 парадан Куран жарышы өткөрүлдү.
Республикалык Куран жарышка катышуу үчүн кыз-келиндерге өзүнчө эркектер үчүн өзүнчө жарыш өткөрүлүп, Камалова Рафика жана Кадыркулов Мухаммадамин жеңүүчү болуп аныкталышты.
Камалова Рафика — «Козу кызы Бурмакан» аялдардын диний окуу борборунун студенти.
Кадыркулов Мухаммадамин — «Абдумуталиб кары» Куран окуу борборунун студенти.
Республикалык тур 20- февраль күнү Бишкек шаарындагы Республикалык имам Сарахси атындагы Борбордук мечитинде өткөрүлмөкчү.