Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айыл аймагындагы «Алайчы уулу Саит» атындагы орто мектебинде райондук деңгээлде кыз-келиндер арасында «Мухаммед пайгамбарыбыздын (с.а.в) өмүр таржымалы» боюнча сынак өттү.
Сынакка жалпысынан 300гө чукул окурман катышып, конкурстун жыйынтыгы 10-апрелде чыгарылмакчы.
«Пайгамбарыбыздын (САВ) кулк-мүнөзү менен пейилин үйрөнүп, көркөм адептери менен жашайлы. Ыйык Куранда: «Ээ, Мухаммад! Албетте Сен ажайып-көркөм кулк-мүнөз ээсисиң!» деп келет. (Ал-Калам сүрөсү, 4-аят)», — деди Эрмекбай ажы Ташбеков.