Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыровдун демилгеси менен жергиликтүү жашоочулар ишембиликке чыгышып, Кара-Суу шаарындагы сейил бактын айланасын таштандылардан арылтып, арыктарды тазалашып, гүл отургузууга жай даярдашты.
Муну менен катар Кара-Суу районундагы мечит имамдары бул демилгени колдоого алышып, мечиттин айлана-чөйрөсүн тазалашып, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүштү.
«Пайгамбарыбыз (САВ): «Албетте, Аллах таза зат, тазалыкты сүйөт»,-деп айткан. Мусулман адамдын жүрөгү, денеси, кийген кийими, намаз окуучу жайы жана жашаган жери таза болуш керек», — деди Кара-Суу районунун баш имам хатиби.