Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу борбордук мечиттин жанында жайгашкан «Апиза эне» атындагы Ислам институту 2021-2022- окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт. Кабыл алуу 2- августтан 25-августга чейин улантылат.
Институтта Куран жаттоо бөлүмү, медресени бүткөндөр үчүн жогорку деңгээлде шарият илими окутулуп, институтка даярдоо курстары ачылган.
Шарият илимдеринен сырткары төмөнкү сабактар окутулат:
— Кыргыз тили
— Кыргызстан тарыхы
— Информатика
— Дене тарбия
Окутуу европалык жабдыктар менен жүргүзүлөт. Институтта Муфтият тарабынан бекитилген Ханафий мазхабы жана Матуруди акыйдасы китептеринен сабакбар берилмекчи.
Окуу жайга талап кылынуучу документтер :
-Паспорт
-Аттестат же күбөлүк
-3×4 өлчөмдөгү 6 даана сүрөт
-Жашаган жеринен аныктама
Байланыш үчүн телефон : 0778 74 98 99