Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу «Апиза эне» атындагы Ислам институту 2022-2023- окуу жылына карата күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүнө абитуриенттерди шариат жана Куран факультетине кабыл алууну жарыялайт. Кабыл алуу 11- июлдан 25-августка чейин улантылат.
Институтта Куран жаттоо бөлүмү, медресени бүткөндөр үчүн жогорку деңгээлде шарият илими окутулуп, институтта даярдоо курстары ачылган.
Шарият илимдеринен сырткары төмөнкү сабактар окутулат:
— Кыргыз тили
— Кыргызстан тарыхы
— Информатика
— Дене тарбия
Окутуу Европалык жабдыктар менен жүргүзүлөт. Институтта Муфтият тарабынан бекитилген Ханафий мазхабы жана Матуруди акыйдасы китептеринен сабактар берилмекчи.
Окуу жайга талап кылынуучу документтер :
1.Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн көчүрмө
2.Жашаган жеринен тактама (үй-бүлө курам)
3.Медициналык тактама / форма №086
4. 4 даана сүрөт 3х4 өлчөмүндө
5. Билими тууралуу күбөлүк же аттестат же медресенин диплому