Жалал- Абад облусунун мусулмандарынын казысынын №118 буйругунун негизинде мечиттерди мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүү боюнча облус казысынын орун басары Давран ажы Жунусалиев Аксы, Ала- Бука, Чаткал районундагы баш имам-хатибдер менен жолугушуп, каттоо иштери боюнча жүрүп жаткан иштер менен таанышты.
Муну менен катар Давран ажы Жунусалиев жергиликтүү айыл тургундары менен жолугушуп, ысырапкерчилик, зордук-зомбулукту токтотуу жана жаштарга ыйман, адеп-ахлак боюнча айыл аксакалдары, имамдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керектигин билдирди.