Суроо: Карыз берүүнүн диндеги адептери кандай?
Жооп: Карыз берүүдө сөзсүз карыз алуучунун карызды качан, кайсы жылы жана кайсы айда кайтарып берүүсү такталуусу керек.
— Карыздын келишими түзүлөт же болбосо карыз алуучудан акчаны алгандыгы тууралуу тил кат алынат.
— Булардын бардыгы эки күбөнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Күбөлөр эки эркек же бир эркек, эки аял болуусу мүмкүн.
«يايها الذين ءامنوا إذا تداينتم بدين إلى أجل فاكتبوه» (البقرة الآية: ۲۸۲).
Котормосу: “Эй, ыйман келтиргендер! Белгилүү бир мөөнөткө бири-бириңерден карыз алсаңар (берсеңер), аны жазып койгула!” (Сүрө Бакара, 282 аят).
Даярдаган: КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси Рафаил ажы Татиков
Текшерген: КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров