Ош облусунун Өзгөн районунун администрациясында “Кыргыз жараны” аттуу тегерек стол уюштурулду. Ага Өзгөн районунун аксакалдар кеңешинин төрагасы, мектеп мугалимдери, мекеме ишканалардын жетекчилери жана райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров катышты. Тегерек столдо улуттар аралык ынтымак, жарандардын укуктары туурасында сөз болуп, айрым маселелер талкуланды. Өзгөн районунун баш имам-хатиби ушул сыяктуу иш-чаралар байма-бай уюштурулуп туруусун сунуштап, ар дайым кызматташууга даяр экендигин билдирди.
“Куран-и Каримде Алла Таала: “Оо, адамдар! Биз силерди бир эркек, бир аялдан жараттык. Ошондой эле бири-бириңерди таанып билүүңөр үчүн урууларга жана элдерге бөлүп койдук. Алланын алдында силердин эң сыйлууңар-такыбараагыңар (Кудайдан көбүрөөк коркконуңар). Алла – (баарын) Билүүчү, Кабардар!” – деп айткан. Ислам дини эч качан уруу, улут болуп бөлүнүүнү колдобойт. Тескерисинче, ар тараптуу ынтымакта болууга чакырат. Башка бир аятта “Албетте, монундар бир тууган”, – деп айтылат. Динибиз, тилибиз бир болгондуктан, баарыбыз бир тууганбыз. Бөлүнүп-жарылуу мусулманга туура келбеген сапат”, – деди Акжол ажы Бакиров.