Бишкек шаарындагы «Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы» атындагы мечит-медресесинде Муфтияттын демилгеси менен уюштурулган аймактардагы дин кызматкерлерин окутуу курсунун кезектеги айлампасы жыйынтыкталып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Иш-чарага Азирети Муфтийдин орун басары Самидин кары Атабаев баштаган дин аалымдары жана устаздар катышты. Жыйынтыктоочу сабакта Самидин кары Атабаев «Ахли сүннөттүн матуридилик акыйдасы» аттуу темада дарс окуду.
«Акыйда – дин илимдеринин алтын таажысы. Башка илимдерди жетик өздөштүрүп, бирок акыйдалык билими тайыз болгондор эртеби-кечпи адашууга кириптер болушу мүмкүн. Себеби, акыйда диндин өзөгүн түзүп, эң шарапаттуу илим болуп саналат», – деп билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө китеп окуу боюнча атайын конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер ыйгарылды.
Эскерте кетсек, аталган курска ар бир облустан дин кызматкерлери келген жана мындай окутуулар пландуу түрдө жүргүзүлмөкчү.