Баткен облусунун Лейлек районундагы Раззаков шаарында Лейлек хатибияты “Адеп башаты” диний уюму менен биргеликте район имамдарына «Мээрим Пайгамбары Мухаммад (с.а.в)» аттуу китебинен конкурс өткөрдү.
Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов аталган конкурсту уюштурууда Лейлек райондук хатибиятына колдоо көрсөткөн “Адеп башаты” диний уюмуна ыраазычылык билдирүү менен Лейлек районунда жаңыдан иш баштагандыгы үчүн ийгилик каалады.
“Алгачкы иш-чарабызды имамдар менен уюштурдук. Конкурска катышкан дин кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз. Мындан ары да Лейлек райондук хатибияты менен тыгыз иштешип, көптөгөн иштерди аткаруу ниетибиз бар”, – деп белгилеп өттү “Адеп башаты” диний уюмунун Баткендеги өкүлү Төлөнбек Марсбек уулу.
Конкурска имамдар активдүү катышып, жыйынтыгында төмөнкүдөй жыйынтык чыгарылды.
1-орунду “Тогуз Булак” мечитинин имамы Садирдин Эгембердиев ээлеп, Ардак грамота жана муздаткыч;
2-орунду «Фатих» мечитинин имамы Закирбек Исмаилов ээлеп, Ардак грамота жана электр меши;
3-орунду “Шахмыр” мечитинин имамы Таалайбек Джумабаев ээлеп, Ардак грамота жана телевизор менен сыйланды.
Жогоркулардан сырткары Калымкул Калымкулов жана Халкожа Кузуевдер да Ардак грамота менен сыйланды.