Ош шаардык мусулмандарынын казыяты «Себепкер» кайрымдуулук фонду менен биргеликте шаардагы “Али Аль-Байт” мечитинде 130 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк баштыкчаларын таратты. Саамалыкка Ош шаарынын казысынын орун басары Мухаммадяр кары Курбанбеков, аталган мечиттин имам-хатиби жана «Себепкер» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Мустафа ажы Абдиев, жергиликтүү аксакалдар жана мечит жамааты катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын казысынын орун басары Мухаммадяр кары Курбанбеков “Себепкер” кайрымдуулук фондунун эмгек жамаатына ыраазычылык билдирди:
“Муктаж болгондорго кам көрүп, аларга жардам берүү динибиздин өзгөчөлүктөрүнөн. Жараткан Куранда берешен, жоомарт инсандарды мактаган. Алла Таала баарыбызга ушундай кайрымдуулук иш-чараларды уюштуруп, башка момунга пайда тийгизүүнү насип кылсын”.
Белгилей кетсек, “Себепкер” кайрымдуулук фонду ай сайын кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүп келет. Фонд тарабынан муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана кийим-кечелер таркатылып турат.