Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Иш-чара аталган айыл өкмөттөгү “Хадия” фонду тарабынан демилгеленген.
Саамалыкка Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев катышып төмөнкүлөргө токтолу:
“Орозонун алгачкы күндөрүндө жакшы иш-чара уюштурулду. Буйруса мындан ары да көптөгөн ушул сыяктуу жардамдарды уюштурабыз. Кайрымдуулук иш-чарасын уюштурган, демилгелегендерге ыраазычылык билдиребиз”.
Белгилей кетсек, таратылган ар бир баштыктын ичинде күнүмдүк тамак-ашка керектелүүчү азыктар салынган, анын жалпы суммасы 5000 сомду түзөт.