Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан мечиттердин жума мечит имамдары Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин экстремизмдин жана наркотикалык заттарды колдонуунун алдын алуу максатында чыгарган №150 буйругун аткаруу алкагында орто мектептерде окуп жаткан 9-10-11-класстын окуучуларына атайын лекциялар, тегерек стол жана жолугушуулар өткөрүштү.
«Ислам дини – тынчтыктын, биримдиктин жана тазалыктын дини. Экстремизм, терроризимдин алдын алуу, ар кандай терс агымдардын жайылышына бөгөт коюу жана келечегибиз болгон жаштарыбыздын наркотикалык заттарды колдонуусун алдын алуу ар бир ата-эненин, агай-эжекенин, имам-мударистин милдети. Ушул сыяктуу жаман жоруктардын, баңгиликтин алдын алуубуз керек», – деди Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров.
Буйрукту аткаруу алкагындагы иш-чаралар төмөнкү мектептерде өткөрүлдү:
1. «Азатбек ажы» мечитинин имам-хатиби Токоев Темирлан Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө караштуу №70 Ибрагим Кулбаев атындагы мектепте;
2. «Сармазар» мечитинин имам-хатиби Нишанов Рахимжан Шарк айыл өкмөтүнө караштуу №77 Хамза атындагы мектепте;
3. «Абдуллах ибн Умар» мечитинин имам-хатиби Мамадаепов Олимжон Нариман айыл өкмөтүнө караштуу №69 Чыңгыз Айтматов атындагы мектепте;
4. «Назира Мухаммад Таж» мечитинин иамам-хатиби Масаидов Жахангир Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу №123 Сүрөттүү-Таш атындагы мектепте;
5. «Абдираим Дамла» мечитинин имам-хатиби Нурдинов Аширали Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу №83 Алишер Навайи атындагы мектепте;
6.«Арал» мечитинин имам-хатиби Бадиров Байыш Папан айыл өкмөтүнө караштуу №88 М.Заиров атындагы мектепте;
7.«Ак-Дөбө» мечитинин имам-хатиби Салиев Мавланжан Жоош айыл өкмөтүнө караштуу №29 Гайрат атындагы мектепте;
8.«Абу Ханифа» мечитинин имам-хатиби Кадиров Миркамил Нариман айыл өкмөтүнө караштуу №15 Хакимжан Мирзажанов атындагы мектепте;
9. «Осмон уулу Исабек» мечитинин имам-хатиби Ысабеков Маматкарим Папан айыл өкмөтүнө караштуу №91 Эргеш Алыкулов атындагы мектепте;
10. «Молдомати» мечитинин имам-хатиби Карабаев Ражапали Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу №20 Ырысбай Насиров атындагы мектепте.