Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын жыйындар залында шаар мэри Асилбек Мааткалыков, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Бактияр Жалалов, ШИИБ кызматкери Нурали Абдурахманов жана Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Ниймат ажы Топчиевдин катышуусунда жыйын болуп өттү.
Иш-чарага шаардагы жергиликтүү тургундар, айыл башчылар, квартал комитеттери, шаар активисттери жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйында Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө жүргүзүүгө тыюу салынган экстермисттик, террористтик агымдардын идеологиясына жарандардын кирип кетпөөсү жана жаш балдарды ата-энелерден көзөмөлдөөнү, соцтармактарды пайдалуу багытта колдонууну, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды, балдар арасындагы чыр-чатактардын алдын алууну, ошондой эле мектеп окуучуларынын убактысын туура пайдалануу жактары боюнча маселелер талкууланды.
Ишчара алкагында Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Нийматилла ажы Топчиев элди ынтымакка чакырып, пайгамбарыбыздын (с.а.в) «Дуа – момундардын куралы» деген хадисине токтолуп, акыркы күндөрү болуп жаткан түрдүү терс көрүнүштөрдөн сактоону Жараткандан тилек кылууга жана биримдикте иш алып барууга чакырды.