Ош облусуна караштуу Ноокат районуна Жапаров Бекназар Толкунбекович баш имам-хатиб болуп дайындалгандыгы боюнча жарыя кылынып, райондун жалпы имамдарына тааныштырылды.
Жапаров Бекназар Толкунбекович тууралуу маалымат:
Ал 1996-жылдын 3-майында Ноокат району Күңгөй-Кожеке айылында туулган.
Билими:
2012-2018-жылдар аралыгында Ноокат районундагы «Имам Ат-Термизий» жогорку диний окуу жайын окуп бүткөн;
2020-2023-жылдар аралыгында Ош технологиялык университетин аяктаган.
Эмгек жолу:
2018-2019-жылдар аралыгында «Имам Ат-Термизий» жогорку диний окуу жайынын жооптуу катчысы;
2018-2023-жылдар аралыгында Ноокат райондук хатибиятынын жооптуу катчысы;
2020-2023-ж.ж. Ноокат райондук хатибиятынын бухгалтери;
2019-2023-ж.ж. Ноокат райондук хатибиятынын Ажылык иштери боюнча жооптуу оператору;
2018-2023-ж.ж. Ноокат районундагы «Ысман-Ата» мечитинин имамы.
Сыйлыктары:
2020-ж. Ноокат райондук хатибиятынын Ардактуу дин кызматкери;
2020-ж. Ноокат райондук хатибиятынын мыкты кызматкери;
2021-ж. Н. Исанов айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы;
2022-ж. Ош облустук казыятынын Ыраазычылык баракчасы;
2023-ж. «КР ИИМге колдоо көрсөткөндүгү үчүн» медалын алган.