Чүй облусуна караштуу Чүй районунун «Шабдан Ата» борбордук мечитинде район имамдарына «Мээрим Пайгамбары Мухаммад алейхи салам» аттуу китептен конкурс уюштурулуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.
Конкурс Чүй районунун баш имам-хатиби Сапарали ажыАкбаевдин демилгеси менен өткөрүлүп, ага «Адеп Башаты» коомдук фонду демөөрчүлүк кылган. Иш-чарага Чүй облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Саясат ажы Асанов, «Адеп Башаты» коомдук фондунун мүдүрү Аскарбек Акимбай уулу, «Ала-Тоо» медресесинин мугалими Рахматулла кары Бегмуродов, фонддун өкүлдөрү Дауд Абы уулу жана Адилет Жапаралиев катышты.
«Бул иш-чаранын максаты пайгамбарыбыз Мухаммадды (с.а.в) дагы да жакындан таануу жана имамдардын ар тараптуу өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү болуп саналат. Конкурста жалпысынан 5 орунга баалуу белектер коюлган болчу. 1-орунду жеңип алган имамга кир жуучу машина, 2-орунду ээлеген имамга газ меш, 3-орунду алганга чаң соргуч, 4-орунду алганга мултиварка, ал эми 5-орунду ээлеген дин кызматкерине үтүк белекке берилди. Мындан сырткары жалпы катышуучуларга кызыктуу белектер тапшырылды», — деп билдирди Сапарали ажы Акбаев.