Тиешелүү буйруккан Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров кол койду. Жаңы дайындалган казыны жамаатка Азирети Муфтийдин 1-орун басары Самидин кары Атабаев тааныштырды.
Абибилла ажы Кадырбердиев 1977-жылдын 19-декабрында Баткен облусундагы Кадамжай районуна караштуу Жаңы-Жер айылында туулган.
БИЛИМИ:
1996-жылы Совет айылындагы №72 Кесиптик-техникалык окуу жайында билим алып, «көркөм кооздоочу» адистигине ээ болгон. 2003-2007-жылдары Кадамжай районуна караштуу Өрүкзар айылындагы «Азирети Усман» атындагы медреседе окуган.
Диний: “Азирети Усман” ислам медресеси, Кадамжай району, Өрүкзар айылы. Устазынын дареги, аты-жөнү: Молдо Абдусаттар ажы, Молдо Ахун ажы, Кадамжай району Өрүкзар айылы.
“Расул Акрам” ислам институту. Бишкек шаары-Учкун кичи району. Устазы Молдо Сабыр Досбол уулу. Дареги Бишкек шаары-Учкун кичи району.
Светтик: Кадамжай району Совет шаарчасыдагы № 72 Кесиптик техникалык окуу жайы, Көркөм кооздочу адистиги. Жалал-Абад шаарындагы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети, бух.учет, анализ жана аудит факультети. Экономика адистиги
ЭМГЕК ЖОЛУ:
1997-1998 — 2004-жылга чейин Жаңы-Жер айылындагы №28 О. Абдрахманов атындагы орто мектебинде көркөм өнөр жана черчение сабактары боюнча мугалим болуп эмгектенген;
2007-2009 — «Азирети Усман» медресесинде мүдүрдүн орун басары;
2009-2010 — Жаңы-Жер айылындагы «Имам Аьзам» атындагы мечитте имам;
2010-2015 — Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айылындагы «Имам Аьзам» медреседе баш мударрис;
2013-2016 — Жаңы-Жер айылындагы «Алхаади» атындагы мечитте имам-хатиб;
2014-2015 — Баткен облустук казыятында фатва бөлүмүнүн башчысы;
2014-жылдын 4-март Кыргызстан Аалымдар кеңешинин мүчөсү;
2015-жыл декабрь — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы.
2016-жыл, ноябрь — 2017-жыл, апрель — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын үгүт-насаат, жаштар жана түрдүү агымдар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси;
2017-жыл 3-апрель — Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси.
2019-жылдын 19-февралынан 2021-жылдын апрель айына чейин Аалымдар Кеңешинин төрагасы.
2021-жыл 26-июндагы Кыргызстан мусулмандарынын VII Курултайынын чечими менен Аалымдар Кеңешинин мүчөсү.
2021-жылдын 27-июлунан баштап, үстүбүздөгү жылдын 5-апрелине чейин Азирети Муфтийдин орун басары кызматын аркалап келген.
Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.