Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын имамы Эмил Акуновдун уюштуруусу жана айыл жаштарынын колдоосу менен элеттеги өспүрүм балдар арасында Куран окуу жарышы болуп өттү. Таймашта Куран окуудан сырткары ар кандай диний, аң-сезимди өстүрүүчү суроолор берилип, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. Суроолорго туура, так жооп берип биринчи орунду ээлеген өспүрүмгө велосипед, экинчи жана үчүнчү орун ээсине саат жана кызыктыруучу белектер, таттуулар тапшырылды.
Аталган иш-чарага райондун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов катышып, калыстык кылды. Баш имам-хатибдин билдирүүсүндө, бул сыяктуу конскурстардын уюштурлуусу жаш балдардын ислам динине кызыгып, илим алуусуна жана адеп-ахлакка көңүл буруусуна чоң өбөлгө түзөт дейт.
Калыстар тобунун чечими менен:
1-орунду Турдумамбетов Элдос;
2-орунду Таалайбек уулу Абдулло;
3-орунду Турдумамбетов Элхан аттуу балдар ээледи.
Баш имам-хатиб саамалык соңунда батасын берип, балдардын окууларына ийгилик каалап, үлгүлүү жаштардан болууларын тиледи.