Талас районунун имамдарына кварталдык жыйын болуп өттү. Жыйынга облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев, казынын орун басары Өмүрзак ажы Абдысамат уулу жана Талас районунун баш имам-хатиби Райымберди ажы Өмүралиевдер катышты.
Жыйындын жүрүшүндө беш айда аткарылган иштер боюнча маалыматтар айтылып, бир канча тапшырмалар берилди.
1. Мечиттердин тазалыгы;
2. Каникул учурунда мечиттерде күндүзгү курстарды уюштуруу;
3. Муфтият жана казыяттан берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруу.
Чогулуштун соңунда казыят тарабынан мечиттерге Имам Муслимдин кыргызчага которулган хадис китеби белекке берилди.