Нарын облусунун Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек Арзымкожоев райондогу А. Абдыкеримов, А.Жалпатеков, Ш., У.Малтабаров атындагы орто мектептердин окуучулары жана ата-энелери менен жолугушуу өткөрдү. Иш чарага РИИБ кызматкерлери катышып, анын алкагында кылмыштуулуктун алдын алуу тууралуу сабактарын балдар менен бөлүшсө, Кочкор районунун баш имам хатиби ыйман, адеп-ахлак тууралуу лекцияларды окуду.
Билим алуу менен бирге эле адеп-ахлакты кошо үйрөнүү керек. Билим кесип тандоодо керек болсо, адеп-ахлак өмүр бою коом менен тынчтыкта жашоого шарт түзөт, — деди баш имам хатиб.