Өлкөдөгү диний окуу жайлардын жетекчилерине сабактарды инновациялык жана интерактивдик ыкма менен өтүүнүн жолдору окутула баштады
Бүгүн, 5-июнда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жыйындар залында диний окуу жайлардын дараметин көтөрүү, мугалимдердин педагогикалык, методикалык чеберчилигин арттыруу максатында Чүй облусунун жана Бишкек шаарындагы окуу жайлардын мүдүрлөрүнө семинар-тренинг өтүүдө. Семинар Азирети муфтий Абулазиз кары Закиров тарабынан демилгеленип, өлкө аймагы боюнча окутулмакчы.
“Ар бир диний окуу жайдын окуу бөлүм башчылары, иш кагаздар менен алектенүүчү кызматкерлерге семинар-тренинг уюштурулуп жатат. Диний окуу жайлардын жетекчилерине экзамен, зачётту жүргүзүү, журналдарды толтуруу, сабакты инновациялык жана интерактивдик ыкма менен (метод менен) өтүүнүн жолдору окутулуп жатат”,-деди КМДБнын Референт жана жалпы бөлүмүнүн башчысы Абдиназар Хаджибеков.