Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу “Имам Аьзам” медресесинде Жалал-Абад казыяты тарабынан уюштурулган диний окуу жайлар арасында 2018-жыл аралыгында мыктыларды сыйлоо аземи болуп өттү.
Иш чара алкагында 2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган концепциянын багыттарын ишке ашыруу, мугалимдердин сабак берүү чеберчилигин өстүрүү, жоопкерчиликти күчөтүү, окуучулардын билим сапатын көтөрүү, инновациялык жана интерактивдик сабак өтүүнүн ыкмаларын жайылтуу максатында Жалал-Абад казыяты тарабынан демилгеленген облус казысынын бекиткен ырааттаманын негизинде уюштурулган көчмө семинарда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн 3 медресеге орундар ыйгарылып, казыяттын диплому менен сыйланды.
1-орун Сузак району, Аиша Сиддика кыз-келиндер медресеси
2-орун Таш-Көмүр шаары, Амир Хамза ислам институту
3-орун Жалал-Абад шаары, Аз-Захра медресеси
Ал эми Көчмө семинарда “Адеп-ахлак жана толеранттуулук” темасынын алкагында класстан тышкаркы ишти уюштурууда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн тажрыйбачы Исмаилова Умидахон Хайруллаевна казыяттын алкыш баракчасы менен сыйланса, төмөнкү диний окуу жайдын кызматкерлерине номинациялар ыйгарылды.
-Көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип, жаш мугалимдерге жол көрсөтүп, өзүнүн акылын, кеңешин, насаатын айтууда жана студенттерге таалим-тарбия берүүдө зор салымын кошкондугу үчүн Сузак районуна караштуу “Имам Аьзам” медресесинин мугалими Рахманбердиев Низомидин Халисовичке — Жылдын ардактуу мугалими – 2018 номинациясы ыйгарылды.
-Жалал-Абад казыяты менен тыгыз иш алып барып, отчетту өз убагында тапшырып, диний окуу жайдын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө зор салымын кошкондугу үчүн Сузак районуна караштуу Аиша Сиддика кыз-келиндер медресесинин мүдүрү Абдыкалыков Капарбек Абдыкеримовичке — Жылдын мыкты мүдүрү – 2018 номинациясы ыйгарылды.
-Жалал-Абад казыяты менен тыгыз иш алып барып, отчетторду жана маалыматтарды өз убагында берип, диний окуу жайда окуу процессин жүрүшүнө зор салымын кошкондугу үчүн Базар-Коргон районуна караштуу Имам Тирмизий медресесинин окуу бөлүм башчысы Икрамов Нармамат Турдуевичке — Жылдын мыкты окуу бөлүм башчысы – 2018 номинациясы ыйгарылды.
-Өз билимин өркүндөтүүдө ар дайым изденип, студенттерге таалим-тарбия берүүдө инновациялык жана интерактивдик ыкмаларды пайдаланып, жаштарды шыктандырууда зор салымын кошкондугу үчүн Сузак районуна караштуу “Арстанбап ата” медресесинин мугалими Тургунбаев Абдужамал Хожимахамадовичке — Жылдын шыктуу мугалими – 2018 номинациясы ыйгарылды.
-Жалал-Абад казыяты тарабынан демилгеленген 2017-2018-окуу жылына карата диний окуу окуу жайлар арасында көчмө семинарда ачык сабакты “Эң жакшы” деген баага татыктуу өткөргөндүгү үчүн Сузак районуна караштуу “Аиша Сиддика” кыз-келиндер медресесинин Куран сабагынын мугалими Бурханова Дилорам Закирходжаевнага жана класстан тышкаркы ишти “Эң жакшы” деген баага татыктуу өткөргөндүгү үчүн ушул эле медресенин фикх сабагынын мугалими Сатарова Айчүрөк Абдикамиловнага, Таш-Көмүр шаарындагы Амир Хамза Ислам институтунда класстан тышкаркы ишти “Үлгүлүү” деген баага татыктуу өткөргөндүгү үчүн Куран, акыйда сабагынын мугалими Куламсабырова Рабия Куламсыбыровналарга — Жылдын мыкты мугалими – 2018 номинациясы ыйгарылды.