2019-жылдын 9-февралында Баткен облустук казыяты жана «Мухаммед-Умар Ош» коомдук бирикмеси тарабынан Баткен облусундагы азанчылар арасында азан айтуу боюнча мелдештин облустук туру өтөт.
Сынак азандын маани-маңызын элдин калың катмарына жеткирүү жана туура, көркөм айткан азанчыларды даңазалоо максатында уюштурулууда.
Конкурстун 1-этабы райондук деңгээлде өтөт. Анын жеңүүчүлөрү облустук турга жолдомо алат. Облустук тандоо турунан 1-2-3-орунду алган азанчыларга республикалык сынакка жолдомо берилет.
Сынактын калыстары:
- Сынактын төрагасы: Басиров Рахматулла кары;
- Калыс: Атабаев Бакир кары;
- Калыс: Курбанбаев Мухаммадияр кары;
- Калыс: Атаназаров Имамназар кары;
- Калыс: Жолдубаев Нурали кары.
Сынакты өткөрүүнүн жол-жобосу жана сыйлыктары;
Облустук тандоо турунан 1-2-3 орунду алган азанчылар республикалык азанчылардын сынагына жолдомо алат жана аларга төмөндөгү сыйлыктар берилет.
1-орун – 8000 сом;
2-орун – 6000 сом;
3-орун – 4000 сом .
Сынакка райондук тандоо турунан өткөн 3төн ашпаган катышуучу 2019-жылдын 9-февралындагыдагы облустук тандоо туруна жолдомо алат.
Катышуучу Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.
Эскертүү: Эгерде график өзгөрсө катышуучуларга телефон аркылуу кошумча маалымдалат.
Сынактын шарттарына туура келбеген азанчылар катыштырылбайт.
Байланыш телефону: 0558 682 111, 0773 49 34 32.
Сынактын облустук туру 2019-жылдын 9-февралында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы «Мураталы ажы Жуманов» атындагы борбордук мечитте өткөрүлөт.