Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев Булан-Сөгөттү айылындагы имамдар менен жолугушуп, региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында аткарылуучу иштер туурасында имамдардын сунуш-пикирлерин кабыл алды. Ошондой эле коомчулук менен иш алып барууну жандандырып, ар бир имам өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылуусун эскертти.
“Ислам дини бардык элдин укугун коргоп, ынтымак-ырашкерликке, достук менен боордоштукта жашоого үгүттөйт. Ислам дини эл ортосундагы ынтымакка чакырат”,-деди Максат ажы Сейталиев.
Мындан сырткары тазалыкка көңүл буруу, отчетторду өз убагында тапшыруу жана мечиттерди каттоодон өткөрүү маселелери талкууланды.