Жалал-Абад облустук мусулмандар казыяты жана «Мухаммед-Умар Ош» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган азан айтуу конкурсунун облустук туруна 21 азанчы катышты. Сынак Жалал-Абад шаарындагы Имам Бухарий жума мечитинде өтүп, анда азандын маани-маңызын элдин калың катмарына жеткирүү жана туура, көркөм айткандыгы каралды.
Азан айтуу сынагындагы калыстар тобунун курамы:
- Сынактын төрагасы: Рахматулла кары Басиров
- Калыс: Бакир кары Атабаев
- Калыс: Мухаммадияр кары Курбанбаев
- Калыс: Имамназар кары Атаназаров
- Калыс: Нурали кары Жолдубаев
- Калыс: Алибек ажы Батыралиев
- Калыс: Немат ажы Жээнбеков
Азанчылар арасында өтткөн конкурстун жыйынтыгында Азизов Алишер Тахирович 1-орун жана I-даражадагы диплом менен 8000 сом, Туратов Медетбек Абдыбахапович 2-орун жана II-даражадагы диплом менен 6000 сом, Исаков Руслан Маматжанович 3-орун жана III-даражадагы диплом менен 4000 сом сыйлыкка ээ болушуп, азанчылардын республикалык туруна жолдомо алышты. Ал эми калгандары акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Эскерте кетсек, буга чейин конкурстун 1-этабы район, шаарларда өткөрүлүп, жеңүүчү деп табылгандар облустук турга жолдомо алышкан.