Бишкек шаарынын Ак-Босого жаңы конушундагы Аммар бин Ясир мечити ар ай сайын 6 муктаж үй-бүлөгө тамак-аш жаатында жардам берип келет. Демилге мечит имамы Мухаммадин Разыков тарабынан көтөрүлүп, жергиликтүү жамаат колдоого алышкан.
«Демилге көтөрүлгөндөн кийин мүмкүнчүлүгү бар жарандарыбыз колдоого алышты. Албетте, биз бири-бирибизге камкор жана колу ачык болушубуз керек»,-деди Мухаммадин Разыков.