Бишкектеги Ашыралы мечитинин имам хатиби Рустам ажы Бурханов Дордой базарынын күзөтчүлөрү менен жолугушуп, Ислам дининдеги “аманат” принцибин түшүндүрүп берди.
Ал өз сөзүндө бирөөнүн аманат буюмуна күзөт кылып, аны сак-саламат өз ээсине жеткирүү соопту иштердин экендигин айтты. Ошондой эле ал аманатка кыянаттык кылбоого чакырып, күзөтчүлөрдүн ары түйшүктүү иштерине ийгилик каалады.