Чүй облусунун Лебединовка айылындагы «Розалим» мечитинде азанчылар арасында сынак өтүп, ага Аламүдүн районундагы диний окуу жайлардын студенттери жана мечит азанчылары катышты. Сынактын алкагында жеңүүчүлөр 24-март күнү өтө турган облустук жарышка жолдомо алышса, мыктыларына сыйлыктар ыйгарылды.
«Мыкты деген наамга «Мадамин» медресесинин окуучусу Мамаюсуф уулу Мустаким менен «Фатима» мечитинин азанчысы Илясхон Назиров ээ болушту»,-деди Абдурахман Анаркулов.
Эскерте кетсек, азанды көркөм айтуу сынагы Чүй облустук казыяты менен «Мухаммед-Умар-Ош» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп, ага Анарбай каары Курбанбеков, Молдогазы Зияев, Алманбет ажы Суеркулов жана Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман Анаркулов калыстык кылышкан.