Баткен облусунун мусулмандар казысынын орун басары Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолугушуп, ынтымак жана мекенди коргоо темасынын алкагында баяндамасын жасады. Облус казысынын орун басары Кызыл-Кыя шаарынын тургундарына бөлүнүп-жарылуунун кесепеттерин айтып, шаар тургундарын биримдикке, дайыма кайрымдуу болууга чакырды.
Эскерте кетсек, аталган жолугушуу Кызыл-Кыя шаарындагы Мураталы ажы Жуманов атындагы борбордук мечитте өттү.