Талас шаарынын борбордук «Аал- аль Байт» мечитинде Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы, «Мухаммад-Умар-Ош» коомдук бирикмеси жана Талас олблусунун мусулмандар казыяты менен биргеликте азан конкурсу өткөрүлдү.
Сынакта район арасында өткөрүлгөн мелдеште женип чыккан 12 талапкер ат салышып, жыйынтыгында 3 азанчы жеңүүчү деп табылды.
1-орун- Абдурзак Саттаров
2-орун- Исламжан Бабакулов
3-орун- Абдулазиз Баратахунов
“Калыстар тобу азанчыларды 3 талаптын негизинде карап, женүүчүлөрдү аныктады. Алар махраж, кооз үн жана созуу эрежелери”,-деди казыяттын маалымат катчысы Нуржан Мамазалиев.
Азанчылар арасында өткөн сынакка «Мухаммад-Умар-Ош» коомдук бирикмесинин төрагасы Т. Кубаталиев, Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев катышып, мындай сынактардын өтүүсү дин кызматкерлерине шык бере тургандыгы айтылды.
Ал эми калыстардын чечими менен 3 талапкер азан боюнча өтүүчү республикалык сынакка жолдомо алышып, акчалай байгеге ээ болушту.