Баткен облустук мусулмандар казысынын тапшырмасы менен облус аймагындагы мечит, медреселерде ишембилик өтүп, ага жалпы дин кызматкерлери катышты. Иш чаранын жүрүшүндө мечит, медреселердин айланасы ар кандай калдыктардан, таштандылардан, акыр-чикирлерден тазаланып, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштери аткарылды.
Ал эми Баткен районундагы Зар-Таш, Чоң-Кара, Ак-Турпак айылдарынын имамдары Ош-Баткен-Исфана жол бойлорунда ишембилик өткөрүштү.
«Кызыл-ыя шаарынын имамдары шаар көчөлөрүн тазалашты. Ушундай эле иш чара Баткен, Сүлүктү шаарында жана Кадамжай, Лейлек райондорунда өткөрүлдү»,-деди облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов.