Тоң районунун Ак-Өлөң айылында мектеп окуучулары жана мугалимдер менен биргеликте «Бейиш эненин таман астында» аттуу иш-чара өтүп, анан алкагында эненин таалим-тарбиясы, акыл-насааттары айтылды.
Иш-чара Ак-Өлөң айылынын имамы Замирбек Супаев тарабынан демилгеленип, мектеп жетекчилиги колдоо көрсөткөн.
«Бейиш эненин таман астында. Андыктан биз ата-энени сылоо менен бирге алардын кызматын кылып, таалим-тарбиясын, нускалуу кептерин көкүрөгүбүзгө сиңиришибиз керек»,-деди Замирбек Супаев.