Каракол шаарындагы «Иброхим ажы» атындагы мечитинде, шаардык баш имам хатиб Талант ажы Сабриковдун демилгеси менен ыйык Рамазан айынын урматына карата аз камсыз болгон муктаж γй-бγлөлөргө тамак-аш азыктары таратылды.
100 үй-бүлөгө ун, кесме, кум шекер, күрүч, чай, суу май жана башка турмуш тиричиликке керектелүүчү азыктары таратылып, жалпы 300 000 сом жардам берилген.
«Мындай иш-чараларды жылына уюштуруп келебиз. Ыйык Рамазан айы жакшылыктын айы, кайрымдуу бир туугандарыбыздын демөөрчүлүгү менен мындай соопчулук иштери салт катары өткөрүп турмакчыбыз”,- дейт баш имам хатиб Талант ажы Сабриков.
Эскерте кетсек, кайрымдуулук ишин толук демөөрчүлүк кылган мекендештерибиз өз аттарын айтуудан баш тартышкан.