Ош шаарынын Анар кичи районунда жашаган көзү азиздер жана майыптарга Ош облусунун казысы Самидин каары Атабаев 68150 сомдук азык-түлүк тапшырды.
Аталган райондун №18-үйүндөгү 45 квартиралуу 1-2-3-топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар улуу Рамазан айынан чогултулган битир-садакадан жардам сурап, арыз менен кайрылышкан.
Мунун негизинде Ош облусунун казысы Самидин каары Атабаев баштаган казыят кызматкерлери жеринде кабар алышып, битир-садакадан чогулган каражаттын эсебинен 68150 сомдук азык-түлүк баштыкчаларын таратышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө облус казысы Алла Тааланын берген бул сыноосуна сабыр кылууга чакырып, бул сооптуу амалдардан экендигин айтып өттү.