Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев “Muslim Line” дүкөнүнө зыярат кылды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарындагы “Muslim Line” бренди менен таанылган дүкөнгө зыярат кылып, мусулмандар үчүн ыңгайлашып тигилген кийимдер менен таанышты.

Дүкөндө заман талабына жооп бере турган мырзалар жана айымдар үчүн бардык үлгүдөгү кийимдер коюлган.

Азирети Муфтий кийимдер жарандар үчүн ыңгайлуу жана сапаттуу болушу керектигин айтып, бул тармакка салым кошуп жаткан ишкерлерге ыраазычылыгын билдирди.

Ал эми “Muslim Line” брендинин ээлери, учурда кийимдер коңшу мамлекеттерге дагы буюрутмалар аркылуу тигилип жатканын кошумчалашты.