Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев ынтымакты бекемдөө жана жаштардын тарбиясына өзгөчө көңүл бурууга чакырды

Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында коомдогу терс көрүнүштөрдү алдын алуу жана жаштардын таалим-тарбиясына өзгөчө көңүл буруу боюнча жыйын болду.

Иш-чарага Ош шаарынын  казысы Убайдилла ажы Сарыбаев, аталган аймакта жайгашкан мечит имамдары, Ош ШИИБинин башчысы Мурат Боронов жана башка мамлекеттик органдар катышты.

Жыйында Убайдулла ажы Сарыбаев элдин биримдигин бекемдөө, ар түрдүү бузуку нерселерден оолак болуу, улуттар аралык мамилени, ынтымакты бекемдөө жана жаштардын тарбиясына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.