Чүй облусунун казысы казыят кызматкерлери менен биргеликте Токмок шаарындагы № 52806 аскер бөлүгүндө лекция өтүштү

Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов Токмок шаарында жайгашкан № 52806 аскер бөлүгүнүн чакыруусу менен, Чүй казыятынын фатва бөлүм адиси Бектен ажы Зарылбеков жана Чүй казыятынын курулуш бөлүмүнүн адиси Элизар ажы Ажыбаев менен биргеликте «Салттуу Ислам дини жана экстремизм, терроризм» тууралу лекция өтүштү.

Аталган лекция аскердик бөлүмдүн жыйындар залында өтүп, ага 200гө жакын аскерлер катышты. Лекцияда салттуу Ислам дини, Ханафий мазхабы, Матрудия акыйдасы жана экстремизм, терроризм тууралуу баяндама жасалды.

«Лекция бир саатка созулуп, анда аскерлердин суроолоруна жооптор берилди. Мындан кийин да тыгыз мамиледе иш алып барууга аскер бөлүмүнүн жетекчилиги менен макулдашылды» — деди Чүй казыятынан Элизар ажы Ажыбаев.