Муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов Баткен облусунун имамдарына нике каттоо журналын таратты

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов Баткен облусунун имамдарына нике каттоо журналы боюнча эки күндүк окуу семинарын өткөрүп, соңунда ар бир имамга нике каттоо журналын таратты.

Иш-чарага Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов, казыят кызматкерлери жана район, шаарлардын баш имам хатибдери катышты.

Мындан ары имамдар никени каттоодо никеге туруп жаткан жубайлардын паспортторун талап кылат жана мыйзамга ылайык, 18 жашка толгон жарандарга гана шарияттын негизинде нике кыюу  жөрөлгөсүн  өткөрөт.