Муфтияттын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Ноокат районунан ажылык сапарга бара турган зыяратчыларга окуу семинарын өткөрдү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов Ош облусунун Ноокат району боюнча 2019-жылы ажылык сапарга бара турган зыяратчыларга окуу семинарын өткөрдү.

Иш-чарага район боюнча ажылык сапарга электрондук түрдө катталышкан зыяратчылар катышты. Окутуу учурунда Акимжан ажы Эргешов ажылык ибадатты аткаруунун шарияттагы жол-жоболорун түшүндүрүп, сапар учурунда эске алынуучу негизги эрежелерге токтолду.

Лекциялык сабак слайд түрүндө түшүндүрүлүп, эхрам байлоо, чач алуу, Арафат тоосунда жана ал күнү аткарыла турган амалдар, ыйык Каабаны таваф кылып айлануу эрежесин, ажылык учурунда кандай дубалар кылынаарын, Сауд Араб Падышачылыгынын бардык ажыларга койгон талаптары, мыйзамды бузган учурдагы жоопкерчиликтер боюнча айтып берди.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы ажылык амалдарын аткарууга Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга 5510 квота бөлгөн. Ушул жылдын 16-июлунан 17-июлга караган түнү ажылардын алгачкы тобу ыйык Медина шаарына сапар алмакчы.