Муфтияттын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Кант шаарындагы №33665 аскер бөлүгүндөгү жоокерлерге экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Бүгүн, 2-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын даават, үгүт-насаат, жаштар жана аялдар бөлүмүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев Бишкек шаарындагы Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин башкы штабында жана Кант шаарындагы №33665 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн катардагы жоокерлерге “Салттуу Ислам дини жана экстремизм, терроризм” деген темада баяндамасын жасады.

Баяндама учурунда Билалидин ажы Сайпиев жоокерлерге салттуу Ислам дини, Ханафий мазхабы жана экстремизм, терроризм тууралуу  түшүндүрмө берди. Соңунда жоокерлер кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Белиглей кетсек, ушундай эле экстремизм, терроризм жана элди биримдике, ар түрдүү бузуку нерселерден оолак болууга, улуттар аралык мамилени, ынтымакты бекемдөө жаатында баяндар өлкөнүн ар кайсы аймагында өтүп, анда дин кызматкерлери элге, жоокерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.