Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев иш сапары менен Ысык-Көл облусунда

Бүгүн, 2-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусуна барды.

Сапар учурунда Абибилла ажы Кадырбердиев облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков менен биргеликте Өкмөттүн Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев, Каракол шаарынын мэри Адыл Каныметов, Ысык-Көл облустук МУККнын өкүлү Бактыбек Абдылдаев, Ысык-Көл облустук ИИБ башчысы Улан Асанбаев менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда улуттар аралык ынтымакты чыңдоо, шаардагы мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү тездетүү, келечекте курула турган мечиттер үчүн улуттук үлгүдөгү бирдей долбоорлорду тандоо маселеси сүйлөшүлдү. Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев шаар мэрин Каракол шаарынын 150 жылдыгы менен куттуктап, иштерине ийгилик, кут, береке каалап, белек тартуулады. 

Аталган жолугушууга Аалымдар Кеңешинин төрага орун басары Фархат ажы Юсупов, Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков катышты.

Эскерте кетсек,  Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиевдин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушуусу  эртең, 3-июлда Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларында уланмакчы.