Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев Каракол, Ак-Суу жана Жети-Өгүз районунун имамдарына намаз убактылары жана имамдын милдети боюнча сабак өттү

Бүгүн, 2-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев Каракол шаарынын борбордук мечитинде Каракол, Ак-Суу жана Жети-Өгүз районунун имамдарына намаз убакыттары, ай көрүү маселелери жана имамдык милдет боюнча атайын сабак уюштурду.

Муну менен катар Аалымдар Кеңеши тарабынан туура эмес агымдар менен иштешүү жана имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу боюнча облустук казыятка, райондук имам хатибдерге тапшырмалар берилди.