Ош шаардык казыяты “Алтын уя” балдар үйүнө кийим-кече таратты

Ош шаардык казыяты борбордук “Сулайман-Тоо” мечитинде муктаждар үчүн чогулган кийим-кечелерди калаадагы “Алтын уя” балдар үйүнө тапшырды.

Элден чогулган кийим-кечени Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Мырза каары Осмонов, Ош шаардык казыятынын эсепчиси Надыров Билалиддин  тапшырып, “Алтын уя” балдар үйүндө тарбияланып жаткан балдардын ал абалы менен жакындан таанышып келишти.

Учурда “Алтын уя” балдар үйүндө 30га жакын жардамга муктаж балдар тарбияланат. Казыят кызматкерлери балдарга ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдиришcе, ал эми балдар үйүнүн жетекчиси жардамга кол сунган казыятка ыраазычылыгын билдирди.