Муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов Лейлек районунан ажылык сапарга баруучу зыяратчыларга сабак өттү

Кечээ, 2-июлда Баткен облусунун Исфана шаарынын  борбордук мечитинде 2019-жылдагы ажылык сапарга баруучу жарандарга Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов ажылык сапары туурасында сабак өттү.

Иш-чарага Баткен облусунун  казысы Пазыл ажы Султанмуратов, Лейлек районун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшөев катышты. Окутуу иш-чарасынын жүрүшүндө Равшан ажы Эратов ажылык парзды өтөөгө туура ниет кылуу, ажылык кийимдерди эрежеси менен кийүү, курмандык чалуу, чач алуу, Арафат, Мина өрөөндөрүндөгү ажылыктын кыйынчылыктарына сабыр кылуу, ыйык Каабаны айлануу эрежелери боюнча айтып берди.

Мындан тышкары зыяратчыларга ажылык учурунда ибадат жасоону шарият көрсөткөн тартиптен чыкпай жасоо жана Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык учурундагы коюлган эреже тартиптерин, мыйзамдарын тереңдетип билүүнү милдеттендирди.

Эскерте кетсек, быйылкы ажылык милдеттерин өтөп келүүгө Баткен облусунан 427 жаран  жолдомо алган.